1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

170

УЛУТТУК НАРК - УЛУТТУН ЖҮЗҮ

31-октябрь күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-24 тайпасынын куратору Б.У.Молдобаева “ Улуттук нарк – улуттун жүзү” деген темада тарбиялык саат өтүп, студенттерге улуттук нарк-насилди урматтоонун жана аны жаш муундарга жеткирүүнү “Уңгу” деген сөздүн маанисин түшүндүрүп кеңири маалымат берди.

Тарбиялык сааттын максаты — жаш муундардын улуттук баалуулуктарга, салт-санаага, тилге жана маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу, мекенчилдик сезимин бекемдөө болуп эсептелет.Тарбиялык саатта студенттер улуттун руханий дөөлөттөрү, ата-бабалардын мурасы жана бүгүнкү күндүн баалуулуктары тууралуу ойлорун бөлүшүп, көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү окушуп, улуттун уңгусун түптөгөн нарк-насил, каада-салт тууралуу ойлорун ортого салышты. НТ-1-24 тайпасынын студенти Мустапакулова Айзирек баяндама жасады. Бул өткөрүлгөн тарбиялык саатка филологиянын институтунун окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Ы.А.Исабаева катышты.