Экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин чет (немец) тили адистигинин жалпы студенттери “Экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү” программасын ишке ашыруу боюнча 26-январь күнү тарбия жетекчилери менен биргеликте тегерек стол өткөрүштү. Бул иш-чарага областтык башкарманын экстремизмге каршы кызматкерлери У. М. Калдаров, М. К. Толубаев жана диний өкулдөр катышты. Иш-чарада экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жөнүндө маанилүү маалыматтарды студенттер толук жана түшүнүктүү ала алышты. Окутуучулар жамааты жана кураторлор катышып, ийгиликтерди каалашты.