1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

212

Концепт деген эмне?

“Концепт деген эмне? Бир эле түшүнүк ар тилде ар башкача айтылат” деген темада “Talking club” (Баарлашуу) кружогунун иш-чарасы (тегерек стол)

2023-жылдын август айында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2024-2033 жылдарды “Туруктуу өнүгүү үчүн илимдин эл аралык он жылдыгы” деп жарыялагандыгын эске алып, 2025-2026-окуу жылынын ноябрь айы “Илим  айы” деп белгилениши жана улуттун уңгу жолуна карата 2025-жылдын 30-октябрында ЖАМУнун  филология институтунун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында “Концепт деген эмне? Бир эле түшүнүк ар тилде ар башкача айтылат” деген темада тегерек стол болуп өттү. Ага  Ф.И.нун илимий иштер боюнча директорунун орун басары, англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти,  филология илимдеринин кандидаты Орозбаева Гульбарчин Абдимажитовна, немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы Эсенова А. жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, “Talking club” (Баарлашуу) жана ийримдеринин жетекчилери жана студенттери катышышты.

Тегерек столдун максаты-концепт түшүнүгүн илимий негизде аныктоо, тил жана маданият ортосундагы байланыш аркылуу концепттердин ролун түшүнүү.

Тегерек столду кафедранын ийримдеринин жетекчиси Тургунбаева Н., орун басары Досиева Д.,  уюштурушту.

Аталган тегерек столдо студенттер тарабынан “ Концепт деген эмне? Бир эле түшүнүк ар тилде ар башкача айтылат” темасындагы слайд-презентациялар жасалды, докладдар окулду, мисалдар келтирилди, сүрөттөр, схемалар колдонулду.

Андан соң “Talking club”(Баарлашуу) ийриминин жетекчиси Тургунбаева Н. жогорудагы тема боюнча презентация жасады.

Презентациянын соңунда студенттер уюштуруучулар тобуна кызыккан суроолорун беришип,толук жоопторду алышты. Уюштурган топ эң мыкты слайд презентация даярдаган студенттерди сыйлык баракчалары менен куттуктады. Аягында иш-чара эң жогорку деңгээлде бааланып, уюштуруучу топко ыраазычылык билдирилди.