1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

185

Ааламдашуу шартындагы заманбап кесиптик-профильдик практика. Жумуш ордунда окутуу

          Кесиптик-профильдик  практика теориялык билимди иш жүзүндө колдонуп үйрөнүүнүн маанилүү баскычы болуп эсептелет.  Окуу планына ылайык филология институтунун чет (немец )тили  адистигинин НТ-1-22 тайпасынын студенттери үчүн 2025-жылдын 22-сентябрынан 22-ноябрына чейин кесиптик-профильдик практика пландаштырылган. Аталган практикада студенттер Манас шаарындагы “Deutsch Intensiv“ окуу борборунда жаштарга немец тилин үйрөтүүдө, бир четинен сабак өтүүнүн заманбап усулдарын өздөштүрүшсө, экинчи жагынан жаштарга немец тилин үйрөтүүдө зор салым кошуп келүүдө. Алар сабактарды өткөрүүгө катышып, окуу процессинин уюштурулушу жана методикалык өзгөчөлүктөрү менен таанышып жатышат.

       Кафедра башчысы А.Г.Эсенова жана практика жетекчиси Г.А. Мыктарова окуу борборунун базасына барып, студенттердин практика өтүү процесси менен таанышты жана практиканттарга жумуш ордунда окутууну уюштуруп, аларга практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, теориялык билимди иш жүзүндө колдонууга чоң  мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Окуу процессинде ар бир практикантка өз алдынча иш алып барууга шарт түзүлүп, ишенимдүү багыт берилип, кесиптик тажрыйбаны тереңдетүүгө өбөлгө болушту. Бул демилге студенттердин жоопкерчилигин, чыгармачылыгын жана мугалимдик жөндөмдөрүн өнүктүүдө зор мааниге ээ болду.   Жолугушуунун жүрүшүндө практика учурунда жаралган айрым маселелер, сабак учурунда кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

       Кафедра жетекчилиги студенттердин ишине канааттануу менен баа берип, алардын жоопкерчиликтүүлүгүн, чыгармачыл мамилесин жана кесиптик чеберчилигин жогору баалашты. Практика студенттер үчүн баалуу тажрыйба болуп, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө негиз салууда.

       Ушул аспектилерден алып караганда НТ-1-22 тайпасынын студенттери ааламдашуу процессинин алкагында шаардын жаштарына немец тилин үйрөтүү аркылуу билим берүүгө көмөктөшүп, шаарыбыздын интелектуалдык өнүгүшүнө чоң салым кошуп, алгылыктуу иштерди аткарып, окуу процессинде алган теориялык билимдерин практикада айкалыштырышып, билимдерин өркүндөтүп жатышат. Анткени практика – бул окуу процессинин маанилүү жана негизги бөлүгү болуп эсептелет жана  студенттер ушул күндө аталган окуу борборунда сабак өтүүнүн заманбап усулдарын өздөштүрөт. Окуу борборунун жетекчиси  Токтогулов Бектур  немец тили кафедрасынын башчысы А.Эсенова жана  окутуучу Г. Мыктарова барган учурда  Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун жетекчилигине жана немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди. НТ-1-22 тайпасынын студенттерине ийгиликтерди каалайбыз