1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

186

“Жумшак көндүмдөр” боюнча тегерек стол

2025-жылдын 24-октябрында немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында «Жумшак көндүмдөр» (Soft Skills) боюнча тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чараны кафедранын илимий иштери боюнча жоопту Д.А. Досиева уюштурду.Иш чарага кафедра жамааты жана студенттер катышышты. Тегерек столдун максаты – студенттердин жеке өнүгүүсүн колдоо, баарлашуу, команда менен иштөө, жоопкерчилик жана өзүн-өзү өнүктүрүү сыяктуу жумшак көндүмдөрдү өркүндөтүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жумшак көндүмдөрдүн мааниси, аларды билим берүү процессинде жана күнүмдүк жашоодо колдонуу жолдору тууралуу пикир алышышты. Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун жана тажрыйбаларын бөлүшүштү. Тегерек стол жылуу жана достук маанайда өттү. Катышуучулар мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгилешти.