1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

159

«Коррупцияга каршы күрөшүү – ар бир жарандын парзы»

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-25 тайпасынын студенттерине «Коррупцияга каршы күрөшүү – ар бир жарандын парзы» деген темада ачык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундардын аң-сезиминде адилеттүүлүк, тазалык жана жоопкерчилик сыяктуу моралдык баалуулуктарды калыптандыруу, коррупциянын зыяндуу кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Ачык саатта окутуучу студенттерге коррупция түшүнүгүнүн маанисин, анын коомдун өнүгүүсүнө тийгизген терс таасирин жана ага каршы күрөшүүнүн укуктук негиздерин түшүндүрүп өттү. Студенттер арасында суроо-жооптор, кызуу талкуулар жана баарлашуулар болду. Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун ортого салышты. Алар коомдо адилеттүүлүк, таза эмгек жана жарандык жоопкерчилик ар бир адамдын жашоосунда маанилүү орунда болушу керектигин белгилешти. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер коррупцияга каршы күрөшүү ар бир жарандын намысы жана парзы экендигин баса белгилешип, таза жана адилет коом курууга өз салымдарын кошууга чакырышты.