1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

162

 Окутуучулар менен ата-энелердин ортосундагы кызматташууну жандантуу

2025-жылдын 24-октябрында Немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасында НТ-1-25 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — окутуучулар менен ата-энелердин ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана ар бир студенттин ийгиликтүү билим алуусуна шарт түзүү болду.

Жолугушууда кафедра окутуучулары ата-энелерге студенттердин окуу жетишкендиктери, сабакка катышуусу жана окуу процесси боюнча маалымат беришти. Ошондой эле Казакстандын Астана шаарындагы Евразиялык университети менен биргелешип ишке ашырылып жаткан кош диплом программасы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бул программа студенттерге эл аралык тажрыйба топтоого, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин университеттеринин дипломдорун алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жолугушууда ата-энелер менен студенттердин Казакстанда билим алуусуна байланыштуу уюштуруу жана практикалык маселелер боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, ата-энелер кафедранын ишмердүүлүгүнө жана студенттердин келечеги үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылыктарын билдиришти.