Конок лекция жана семинар

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чакыруусу боюнча филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасына 2025-жылдын 16-майында Лексикология сабагынан „Die gruppenspezifische Lexik der Sondersprachen (Slang, Jargonismen und Argotismen) деген темада конок лекция жана окутуучуларга “Илимий изилдөө методдору” деген темада семинар өтүү үчүн ОшМУнун немец тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кайкыбашева Айзада Келдибаевна чакырылды.
Айзада Келдибаевна өзүнүн презентациясында жогоруда көрсөтүлгөн темаларды окутуучуларга жана студенттерге кызыктуу материалдарды колдонуу менен түшүнүктүү жана жеткиликтүү айтып берди. Лекциянын жана семинардын жүрүшүндө ф.и.к., доцент А.Кайкыбашевага окутуучулар жана студенттер тарабынан сурооолор берилип, кеңири маалыматтарды алышты. Лекция жана семинар жогорку денгээлде өтүп, каалоо-тилектер менен коштолду.