1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

НТ-1-22 тайпасынын практиканттарынын кесиптик-базалык практика алкагындагы ачык сабагы

13-май күнү Deutsch Intensive билим берүү борборунда НТ-1-22 тайпасынын практиканттары  кесиптик -базалык практика алкагында ачык сабак өткөрүштү. Сабак заманбап, визуалдык жана оюндук ыкмаларды колдонуу менен жогорку деңгээлде уюштурулду.  Ачык сабакка үч тайпа катышты, алардын тил деңгээли A2 жана B1 болду. Сабактын негизги темасы  немец тилиндеги өткөн чак (Perfekt) болду. Студент-практиканттар сабактын план-конспектин өз алдынча түзүшүп, Lernbuch жана Arbeitsbuch китептеринен тапшырмаларды колдонушту. Ошондой эле, видеоматериалдар, карточкалар жана интерактивдүү оюндар колдонулду.Сабак немец тилиндеги тааныштыруу оюну менен башталып, андан кийин студенттер практика тууралуу кыскача маалымат беришти. Андан соң негизги тема түшүндүрүлүп, жигердүү суроо-жооп, топтук иштер жана сабакты бекемдөө иштерин жүргүзүштү.Сабак аягында жыйынтык чыгарылып, студенттерден пикир алынды. Сабак жылуу, достук маанайда өтүп, билим берүү борборунун жетекчилери жана ЖАГУнун окутуучулары тарабынан жогору бааланды.