Немис тили — билим, мүмкүнчүлүк жана ийгилик жолу!

Б.Осмонов атындагы филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын окутуучулары доценттин м.а. ф.и.к. Ч.А.Асылбекова жана улуу окутуучу Н.К.Бекиевалар 2025-жылдын 14-майында 2025-2026-окуу жылы үчүн үгүт иштерин жүргүзүштү.
Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы мектептердин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, чет (немец) тили профили боюнча маалымат беришип, буклеттерди таратып келишти. Немец тилин окуу, стипендиялар, кызыктуу кесиптер жана жаңы тажрыйбалар жөнүндө маалыматтар берилди.