1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

80

9-май — Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиши күнү!

2025-жылдын 30 апрелинде филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-24 тайпасынын студенттери "Жеңиш үчүн жашаган жүрөк" аттуу иш-чара өткөрүштү.

Бул күнү биз өзүнүн өмүрүн баатырлык менен курман кылган, тарыхтагы эң оор жылдарда өлкөнү сактап калган ардагерлерибизди урматтап, аларга таазим кылуубуз керек. Бул дата өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашасын!

Улуу Жеңиштин 80-жылдык юбилейине арналган, ошол оор күндөрдү жана эр жүрөк баатырларды эскерүүгө арналган тарбиялык саатта студенттер өздөрү үчүн кызыктуу маалыматтарды алышты жана иш чара суроо-жооп менен аяктады. Тарбиялык саат максатына жетти.