1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

102

Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр мененжолугушуу

2025-жылдын 29-апрель күнү филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногу менен жакындан тааныштыруу, тажрыйбалуу адистердин кеңештерин угуу жана келечектеги ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага шаардагы ОСОО “Deutsch intensiv” немец тили окуу борборунун директору Б.Токтогулов, адис Н. Мажитова жана  ЗЭАУ колледжинин директорунун орун басары – ф.и.к. Н.Алтынбаевдер, ошондой эле бүтүрүүчү курсунун студенттери катышты. Катышуучулар билим берүү мазмуну, кесиптик даярдык, жумушка орношуу жолдору жана билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча баалуу пикирлерин бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер өздөрүнүн суроолорун берип, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине жогорку баа берип, келечектеги кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул иш-чара окуу жай менен эмгек рыногунун өкүлдөрүнүн ортосундагы көпүрө болуу менен катар, бүтүрүүчүлөр үчүн мотивациялык мааниге ээ болду.