Иш берүүчүлөр менен НББ жана модель выпускника боюнча талкуу иш-чарасы өттү

22-апрель күнү филология факультети немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында маанилүү иш-чара — НББ жана модель выпускника боюнча кеңири талкуу уюштурулду. Иш-чарага төмөнкү тараптар активдүү катышты: филология факультетинин деканы иш берүүчү уюмдардын өкүлдөрү, окуу борборлорунун жетекчилери, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын жамааты жана бүтүрүүчүлөр.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты: билим берүү программалары менен эмгек рыногунун талаптарын шайкеш келтирүү, бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгын реалдуу жумуш чөйрөсүнө ылайыктап жакшыртуу жана НББнын талаптары менен модель выпускника ортосундагы байланышты талдоо.
Катышуучулар НББ деңгээлдери, тилдик жана кесиптик көндүмдөрдүн актуалдуулугу, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы реалдуу абалы жана иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрү боюнча кеңири пикир алышышты.
Талкуу жыйынтыгында төмөнкү сунуштар берилди: окутуу программаларын НББга шайкеш келтирүү; немец тилинде практикалык көндүмдөрдү күчөтүү; иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты арттыруу (стажировка, тренинг ж.б.); бүтүрүүчүлөрдүн пикирине таянуу менен модель выпускниканы жаңыртуу.