1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

123

Практика өтүлүүчү базада студенттер  менен жолугушуу 

25-апрелде немец тили  окуу борборунда практикаөтүлүүчү базада  практикант-студенттер жана практика жетекчилери катышкан тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты  практиканы натыйжалуу өткөрүүгө көмөктөшүү жана болочок мугалимдерге методикалык жактан колдоо көрсөтүү болду.Жолугушуу учурунда практика жетекчиси А.Г.Эсенова студенттерге «жол карта» менен иштөөнү, сабакты пландаштырууну жана  күндөлүк жазуу  боюнча кеңири маалыматтарды берди . Ошондой эле окуу процессин уюштуруунун натыйжалуу жолдору айтылып, практика учурунда кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн  жана аларды кантип  чечүүнүн жолдору талкууланды.Тегерек стол жылуу жана пайдалуу атмосферада өттү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, иш –чаранын пайдалуу болгонун белгилешти.