У. Шекспирдин өмүрү жанан чыгармачылыгы

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасындагы “Talking club” (Баарлашуу) ийриминин мүчөлөрү Уильям Шекспирдин туулган күнүнө карата иш-чара өткөрүштү. Улуу драматургдун өмур баяны, чыгармачылыгы слайд менен коштолуп, англис жана орус тилинде баяндама жасашты. Андан сон, эң белгилүү чыгарма Ромео жана Джульетта пьесадан үзүндү аткарышты. Суроолор берилип катышуучулар тараптан кайтарым байланыш баарлашуу болду. Бул иш-чара боюнча бир айлык жумалык жарыяланып англис тилинде өткөрүлдү. Декандын окуу иштери боюнча орун басары Исабаева Ырысгүл Абдиманаповна: Улуу жазуучу У. Шекспирдин жумалыгы өтүп жаткандыгын айтып өттү. Драматургдун бир топ чыгармалары жөнүндө баяндап берди. ЭЮФтун деканы Айнура Каныбековна Юк-1-24 тайпасынын студенттеринин окууларына ийгилик жана ийримдин мүчөлөрүнө чыгармачылык каалады.