1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

87

             Практикага чыгарууга арналган конференция

Филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын 2-3-курсунун студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык жана кесиптик-базалык практикага чыгууга арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты  студенттерди практика учурунда талап кылынган методикалык, педагогикалык жана тарбиялк  иштер менен кеңири тааныштыруу, ошондой эле алардын теориялык билимдерин практикалык колдонууга багыттоо болуп саналат.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин иш-аракеттерин натыйжалуу пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн "жол картасына" ылайык иш алып баруу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, практика учурунда күндөлүк жана отчетторду тиешелүү стандарттарга ылайык так жана толук толтуруу, сабактардын план-конспекттерин түзүүдө заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди.

Конференцияда карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, кафедра мүчөлөрү, практиканын жетекчилери жана студенттер активдүү катышышып, кесиптик-педагогикалык практикада жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды, аларды чечүү жолдорун, ошондой эле эффективдүү сабак берүү боюнча сунуштарды ортого салышты. Иш-чара студенттер үчүн методикалык жактан чоң мааниге ээ болуп, аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого багытталган маанилүү кадам болду.