“ОЛИМПИАДА – 2025”

ЖАМУнун илим бөлүмү тарабынан уюштурулган университеттик деңгээлдеги “Олимпиада 2025” аталышындагы иш чарага филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышышты.
“Олимпиада 2025” Немец тили предметинен (адистик) жана чет (англис) тили предметинен (адистик эмес) профили боюнча атайын даярдалган тесттин негизинде олимпиадага катышкан студенттердин билим деңгээли бааланды. Алар төмөндөгүдөй орундарга ээ болушуп, 1,2,3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты:
1-орун Базарбаева Апал НТ-1-22
2-орун Асанбаева Адашхан НТ-1-24
3-орун Муратова Чолпон НТ-1-24
1-орун Жапарова Айзат ЛДк-Фарм -1-24
2-орун Шерикбекова Акбермет ЛДк-Фарм-1-24
3-орун Рахманов Эльмар ФКк-1-24
Аталган студенттерге ЖАМУнун илим бөлүмү тарабынан дипломдор ыйгарылды. Жогорудагы предметтер боюнча студенттерге аймактык университеттер аралык олимпиадага катышууга жолдомо берилди.