1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

109

Жумуш ордунда окутуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучулары Б.Ү.Молдобаева жана А.Г.Эсенова НТ-1-22, НТ-1-24 тайпалары менен жумуш ордунда окутуу боюнча Жалал-Абад шаарындагы  Erste Schritte окуу борборунда сабак өтүштү.  Жумуш ордунда окутуу оозеки кептин практикуму  дисциплинасынан “Ein Tag in der Stadt” жана “Im Kaufhaus” темасында өтүлдү. Тыңдоо жана сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында студенттер аудиотексттерди угушуп, текст боюнча тапшырмаларды, тесттерди аткарышып, көнүгүүлөр иштешти. Сабактын аягында жаңы сөздөрдү катыштырып, ситуация түзүшүп, карточкалар менен иштешти.

Сабактын соңунда окутуучулардын жана студенттердин пикири алынды. Сабактын сапатын жогорулатуу үчүн, мультимедия каражаттары, сүрөттөр жана башка визуалдык материалдар колдонулду. Бул немец тилин үйрөнүүдө студенттердин көңүлүн бурдуруп, сабакка кызыгуусун арттырды.

Жумуш ордунда окутуу студенттерге чеберчиликти, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө,  мектеп базасында иштөө тажрыйбасына ээ болууга, иш тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берди.