’’Talkingclub’’ ийриминин майрамдык кечеси

2025-жылдын 5- мартында филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучусу Н.Тургунбаева жана ЖАМУнун доценти Ч.К.Абдыкалыкова Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин Юк-1-24 тайпасындагы ’’Talking club’’ ийриминин мүчөлөрү менен биргеликте 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык кечеге ЭЮФтун деканы,э.и.д., профессор А.К.Аскарова, ФФнын окуу иштери боюнча декандын орун басары Ы.Исабаева жана кафедранын окутуучулары катышышты.Иш-чара англис тилинде, орус- кыргыз тилинде куттуктоо, ырлар, бийлер менен коштолду. Аталаган иш-чара жогорку дэңгээлде бааланып, мыкты катышкан студенттер мактоо баракчасы менен сыйланышты. Иш чаранын максаты окутулп жаткан адистиктерге англис тилин үйрөнүүго кызыктыруу жана сабактан сырткаркы иш чараларга активдүү катыштыруу болуп саналат.