Немец тили аркылуу маданиятка саякат

Бүгүн 21-февраль Буткул эл аралык эне тил майрамына карата « Немец тили аркылуу маданиятка саякат” аттуу чакан тарбиялык иш-чара откордук. Бул майрамда НТ-1-22 тайпасы активдүү катышып, ар түрдүү программалар менен майрамды өзгөчө мааниге толтуруп, баалуу чыгармалар жана үрп адаттар чагылдырылды . Ушул иш-чара аркылуу биз немец элинин тилинин жана маданияттын маанисин тереңирээк түшүнүп, биргеликте белгилөө аркылуу достук жана урмат- сый сезимдерибизди бекемдедик. Майрамда студенттер өзүнүн таланты менен урмат-сыйы жана келечекте дагы ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү максат кылышты.