Аалам алпы - Айтматов
2024-жылдын 13-декабрында филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-23, НТ-1-24 тайпасында ааламыбыздын залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун «Аалам –алпы Айтматов» деген аталыштагы тарбиялык саат өтүлдү.
Кыргызстандын залкар уулу бир гана кыргыз элине эмес, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара — Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12 — декабрь да туулган. Чынгыз Айтматовсуз кыргыз элин ойлоо кыйын. Кыргыз адабиятын Чынгыз Айтматовсуз да элестетүү кыйын.
Тарбиялык сабактын максаты: студенттердин дуйнө таануусу, сүйлөө көндүмдөрү калыптанып, Ч.Айматовдун чыгармаларындагы каармандар жөнүндө маалыматтары алышат.
Студенттер Чыңгыз Айтматов жөнүндө кызыктуу баяндамаларды окушту, “Саманчынын жолу” чыгармасындагы “Жер эненин монологун” НТ-1-24 тайпасынын студенти Өктөмбекова Элина көркөм окуп берди. Тарбиялык саатты бышыктоо иретинде суроо-жооптор берилип, ага студенттер тарабынан жеткиликтүү жооптор алынды. Кылымдын алп жазуучусу Ч.Айматов өзу өтсө да , экинчи өмүрүн жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп өмур бою аздектеп, алардан өзүбүзгө эң жакшы таалим -тарбия алып, келечегибизге жол тапсак болот.