1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

“Арифметиканын төрт амалы” темасында ачык сабак өтүлдү

Филология факультетини немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улуу окутуучусу Тургунбаева Нурия ФМББ (М)-1-24 тайпасына чет тили предметинен “Арифме тиканын төрт амалы” темасында көрсөтмөлүү практикалык ачык сабак өттү. Сабактын максаты: Студенттерге кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү амалдары аркылуу сандардын аталыштарын, андагы компоненттерди туура айтууга көнүктүрүү менен оозеки сүйлөө речин жана  логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүү.            

Тактыкка, ката кетирбөөгө тескери амалдарды колдонуу менен байланышты практикалоо. Кыргызча, орусча жана англис тилдеринде оюн эркин айта билүүгө тарбиялоо. Студенттердин адистик өзгөчөлүгүн эске алуу менен темага ылайыктуу материал- дарды тандаган. Теманы студенттердин көз карашына карата жана турмуш тиричиликке байланыштырды. Сабакта көрсөтмө курал-дарды, дидактикалык материалдарды колдонуп, жекече, топто жарыштыруу аркылуу бардык студенттер менен иштөө аркылуу сабак максатына жетти.                                                                       

Сабактын ар бир этабында максатка ылайыктуу иш-аракеттер пландуу жүргүзүлдү. Төрт амал аркылуу студенттердин эсептөө көндүмдөрүн  өнүктүрүү нукура англис тилинде жүргүзүүгө аракет жасалды. Кошумча иретинде дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов (туулгандыгы) жөнүндө студенттерден сурап, алардын оюн толуктады. Бир нече окутуучулар катышып, өз ой-пикирлерин айтышты. Сабак студенттер менен баарлашуу аркылуу бышыкталып натыйжалуу жыйыктыкталды.