БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
Филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын НТ-1-22 тайпасы 1-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүүнүн” эл аралык күнүнө карата тарбиялык саат өткөрдү.
Куратор Эсенова А.Г. иш чаранын максаты менен тааныштырды. Иш чарага катышкан студенттерге АИЖС (СПИД) оорусунун жугуу жолдору, дарылоо жолдору жана алдын алуу айтылып, учурдагы республика боюнча, анын ичинде Жалал – Абад областы боюнча, статистикалык маалыматы берилди.
Учурдагы СПИДдин статистикасы боюнча Кыргызстанда расмий түрдө 13751 кишиден адамдын иммундук жетишсиздик вирусу ВИЧ аныкталган. Алардын 12272си кыргызстандыктар болсо, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. 21-кылымдын чумасына айланган илдеттин жугуу жана андан сактануу жолдору жөнүндө айтылды. Студенттер арасында темага байланыштуу талкуу жүргүзүлдү. Андан сырткары студенттер СПИДдин коркунучтарын өздөрү тарткан сүрөттөр аркылуу чагылдырышты. Иш чара студенттер тарабынан болгон суроо жооптор менен аяктады.