Профессор Мырзакулов Аскар Ракеевичти эскерүү
2024-2025-окуу жылынын 27-ноябрында филологиия факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы жана маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы менен биргеликте ф.и.к.проф. А.Р.Мырзакуловдун жаркын элесине арналган "Өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт " аталыштагы студенттер үчүн илимий -практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга илим бөлүмүнүн башчысы Айнура Жороева, илимдин докторлору жана кандидаттары, аталган кафедранын окутуучулары, студенттери катышышты. Конференцияны эки кафедранын илимий иштери боюнча жетекчилери: Абдыкалыкова Ч.К, Акбуюков М.М. ачышты.
Пленардык жыйында Мырзакулов Аскар Ракеевич эскерилди, докладдар окулду.
Андан ары секциялык иштери эки багытка бөлүнүп студенттер өз докладдарын окуп, суроо-жооп менен талкууланып, жыйынтыгында 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.Конференция жогорку деңгээлде өттү деп бааланып, максатына жетти