1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын  НТ-1-24 тайпасынын студенттеринин ата-энелеринин чогулушу 2024-жылдын 21- ноябрь күнү филология факультетинде болуп өттү.

Чогулушту Нт-1-24 тайпасынын куратору Молдобаева Бактыкан Үрусбековна ата-энелерге кафедранын жамааты менен тааныштырды. Чогулушка филология факультетинин деканы, ф.и.к. Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевна катышып, ачып берди.  Ал университет, факультет тууралуу ата-энелерге Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык Улуттук университети менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде кош дипломдуулук боюнча маалымат берди. Ал жакка биздин студенттер 2-3 курстарда окушуп, 4-курсту бул жактан аяктаарын баса белгилеп айтып кетти. Андан кийин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын  башчысынын милдетин аткаруучу Бекиева Нуркан Калмаматовна студенттердин келечеги, окуу акысы,  стипендия, тартип жөнүндө маселелерге токтолду. Тандоо курстагы сабактар студенттердин тандоосуна ылайык өтүлөөрүн белгиледи.

Акырында ата -энелерге студенттер өздөрү  даярдаган чакан концерт тартуулашты. Куратор тарабынан ата-энелерге ар бир студенттин окуудагы рейтинги айтылды. Андан сырткары окуу залдары, китепканасы, сынактарды тапшыруу канаалары көрсөтүлүп жолугушуу жыйынтыкталды.