Алтын күз
2024-жылы 5-ноябрда немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында кесиптик-профилдик практикасын өтүп жаткан практикант Арсланбек кызы Самара НТ-1-24, ЧТ-1-24 жана ЧТк-2-24 тайпаларына тарбиялык саат өткөрдү.
Иш-чара түшүм жана молчулук үчүн ыраазычылык билдирген салттуу Германиянын күзгү фестивалынын Erntedankfest урматына болду. Иш-чаранын катышуучулары Германиянын күзгү салттары тууралуу кызыктуу баяндамалар аркылуу таанышып, майрамдын өзгөчөлүктөрүн баса белгилешти. Мындан тышкары накыл сөздөр айтылды.
Иш-чара ырлар жана активдүү оюндар менен коштолду.
Ошондой эле студенттер жарманке өткөрүп, анда өздөрүнүн тамак жасоо жана ишкердик өнөрлөрүн көрсөтүштү. Тарбиялык сабакка мугалимдер жана практика жетекчилери катышып, активдүү уюштуруучулукка ыраазычылык билдирип, эң жакшы деген баа беришти.