1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

107

Кесиптик-профилдик  практика алдындагы конференция өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2024-жылдын 27-сентябрында 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын алдындагы конференциясы болуп өттү. Конференцияга филология факультетинин деканы ф.и.к.,доцент Ч.А.Асылбекова, немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Бекиева Нуркан, кафедранын окутуучулары жана  студенттер  катышышты.

Конференция убагында студенттерди кызыктырган суроолорго практика жетекчилери тарабынан жооптор алынды. Жол карта боюнча да студенттерге кафедра окутуучулары тарабынан түшүндүрмө берилди .Практика жетекчилери студенттерге кесиптик-профилдик практика учурунда практиканын тапшырмаларын так аткарууну жана илимий иштердин үстүндө иштөөнү  айтышып, ийгиликтерди каалашты.