1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

162

Кесиптик -базалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин чет (немец) тили адистигинин   НТ-1-21 тайпасынын  студенттери 5 жумалык кесиптик-базалык практикасын Жалал-Абад шаарындагы окуу борборлорундо жана филология факультетинде  өтөп келишип, жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Бул иш чарага  немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысынын м.а. Н.К.Бекиева жана кафедранын окутуучулары  катышышты. Конференцияда студенттердин жүргүзүп келген иштеринин жыйынтык отчеттору жана илимий иштери  угулду. Конференциянын жыйынтыгында практика жетекчилери жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, жаралган кыйынчылыктарын айтып беришип, студенттер слайддарын, видеолорун көрсөтүшүп жана презентацияларын жасап отчет беришти. Студенттер суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыктоочу конференция өз максатына жетти.