Иш берүүчүүлөр менен НББПны жана бүтүрүүчүлөрдүн моделин талкуулоо
2024-жылдын 22-апрель күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында иш берүүчүүлөр менен НББПны жана бүтүрүүчүлөрдүн моделин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Кафедра башчысынын м.а. Н.К. Бекиева келген эксперт иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөргө быйылкы 2024-2025 окуу жылына жаңы окуу планынын түзүлгөнүн жана анын багыты 550300 филологиялык билим берүү профили чет (немец) тили боюнча НББПсы түзүлгөнүн билдирди жана бүтүрүүчүлөрдүн модели боюнча маалымат берди. Негизги маселе окутууда туура предметтер тандалдыбы? Сиздерде адистик даярдоодогу жаңы сунуш ой пикирлериңер барбы деген таризде пикирлешүү болуп өттү. Эксперт ф.и.к., доцент Н.Алтынбаев былтыр дал ушул окуу пландар боюнча көп лицензия берүүлөргө катыштым, бул көбүндө маселе болуп атты. Биздин негизги максат студенттер окууну аяктагандан кийин дипломду алып иш берүүчүнүн талабына жооп бериш керек. Түзүлгөн бүтүрүүчүлөрдүн модели канаттандырды, бирок мектептерде иш орундары жоктугу ойлондурат. “Erste Schritte” окуу борборунун жетекчиси катары окуу планы орчундуу, маанилүү, эң керектүү, туура түзүлгөнүн билдирип өз баасын берди. Бул жакшы мүмкүнчүлүлүк бир эле учурда НББП менен макулдугун айтты жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамына толук ишенерин айтып, жаңы түзүлгөн НББПны колдоорун билдирди, негизинен грамматика менен өлкө таанууну көбүрөөк киргизиңиздер. Себеби студенттер чет жака чыгыш үчүн сүйлөө кебин өстүрүш үчүн окутуунун ыкмасын өзгөртүш керек. НББП жаңы варианты менен таанышкандыгын жана колдоорун айтып кетти. Ал киргизилген өзгөрүүлөр стандартка туура келерин жана практиканын саатын 2-курстан башталышы жакшы деп белгилеп кетти. Иш берүүчү Б.А.Токтогулов ОсОО“Дойч Интенсив” академиясында немец тили мугалими - өз сөзүндө жылдар бою немец тили кафедрасы менен тыгыз мамиледе иштешип келе жатканын жана бул күнгө чейинки адистик боюнча кандай гана өзгөрүүлөр болбосун колдоп келе жаткандыгын белгилеп өттү жана практиканын саатын көбөйүүсүн баса белгиледи.