Бишкек шаарында немец тили мугалимдеринин кезектеги ХIVсьезди болуп өттү
2024-жылдын 27-28-апрелинде Бишкек шаарында Германиянын Казакстандагы Гёте институту “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси менен биргелешип уюштурган немец тили мугалимдеринин ХIV сьезди республикалык денгээлде өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин, Германия мамлекетинин элчилигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдери катышышты. Иш чаранын максаты немец тили сабактарын тереңдетип окутуу, заманбап ыкмаларды колдонуу, талкулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү, жайылтуу болуп саналат. Иш-чарада немец тилин натыйжалуу окутуунун презентациялары, эл аралык программалардын алдыңкы сабактары, ошондой эле мамлекеттик билим берүү уюмдарынын иш тажрыйбалары жогорку денгээлде көрсөтүлдү. Курултайга Германия, Казакстан жана Өзбекстан немец тили мугалимдери жана лингвистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар адистер келип катышышты. Болуп өткөн курултайга 19.04.2024 № М-669 буйруктун негизинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун немец тилчи окутуучулары катышышып сертификаттарга ээ болушту.