1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

149

Лингвистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу

2024-жылдын 18-апрель күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын жамааты жана студенттери лингвистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту. Бүтүрүүчүлөр менен жолугушууну кафедранын окутуучусу К. И. Осмонова уюштурду. Жолугушууга Жалал-Абад областынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Рустамов Нурсултан (Лк-1-11 тайпасы),  Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Ленин айылындагы №27 Ю. А. Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мектептен жана класстан тышкаркы уюштуруучусу Разаев Жанарбек Нурбекович (Лак-1-17 тайпасы) жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн иш кагаздар жүргүзүүчү адиси Кыязбек кызы Гулбарчын (Лак-1-19 тайпасы) келишти. Кафедра башчысы п.и.к., доцент Ы. К. Жолдошбаева, филология факультетинин деканы ф.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова жана кафедранын профессору ф.и.доктору Б. Е. Дарбанов катышып, жолугушуу  студенттер менен бүтүрүүчүлөр ортосунда кызыктуу маек жүрдү.