Окуу-котормо практикасын жыйынтыктоочу конференциясы
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 2023-2024-окуу жылындагы Лак-1-21 тайпасынын студенттеринин 6-семестр үчүн окуу-котормо практикасынын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.
Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Зияда Садыковна, факультеттин деканы фил.и.к. Ч.А.Асылбекова, кафедранын практика боюнча жооптуусу К.И.Осмонова жана окутуучулар катышышты. Аталган конференция З.С.Калыбекованын сунушу менен суроо-жооп ирээтинде өтүп, 3-курстун студенттери өтөп келген практикасы тууралуу даярдалган отчетторун презентация аркылуу тапшырышты. Берилген отчеттор канааттандырарлык деп белгиленди.