1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

ЖАМУнун окутуучулары Ташкент шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайндан катышты

2026-жылдын 28-сентябрында Өзбекстан республикасынын Ташкент шаарындагы Ренессанс Таалим университетинде «Илимдин жана маданияттын өнүгүшү: Ренессанс идеяларынын заманбап илимий процесстерде чагылдырылышы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын жамааты активдүү катышты.

Кафедранын профессору, филология илимдеринин доктору Мирзахидова М.М конференциянын катышуучуларын куттуктап, Ренессанс Таалим университети менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы илимий байланыштар жана кызматташтыктын келечеги тууралуу баяндама жасады.

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучуларынын эл аралык илимий иш-чараларга активдүү катышуусу университеттин илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.