1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

140

«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» уңгужолунун алкагында куратордук ачык саат

2026-жылдын 15-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында билим күнүнө карата, ошондой эле залкар жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдык көрүү алкагында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча куратордук сааттар өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук баалуулуктарды, эне тилди жана маданий мурастарды урматтоого тарбиялоо, жаштардын мекенчилдик сезимин жана улуттук аң-сезимин калыптандыруу.

Куратордук сааттын жүрүшүндө кыргыз элинин руханий мурастарынын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун мааниси, анын улуттук аң-сезимди калыптандыруудагы орду жана дүйнөлүк маданияттагы баалуулугу тууралуу кеңири сөз болду.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, анын чыгармаларындагы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар, адам менен табияттын байланышы, мекенчилдик, адамгерчилик жана руханий жоопкерчилик маселелери талкууланды.