1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыктары

2025–2026-окуу жылына бекитилген окуу графигине ылайык, 15-июндан 22-июнга чейин Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАК-1-22 тайпасынын бүтүрүүчү студенттери дисциплиналар аралык мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, бүтүрүү квалификациялык иштерин коргошту.

Мамлекеттик аттестациянын негизги максаты – студенттердин окуу мезгилинде алган билимдерине комплекстүү баа берүү, ошондой эле алардын теориялык даярдыгынын деңгээлин жана кесиптик компетенцияларынын калыптанышын аныктоо болуп саналат.

Мамлекеттик аттестация студенттердин өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн жана алган билимдерин практикада колдонуу деңгээлин баалоого багытталган. Аттестациялык сыноолор белгиленген талаптарга ылайык, ачык-айкын, калыс жана ачыктык принциптеринин негизинде өткөрүлдү.