1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын жылдык отчету

2026- жылдын 17-июнунда саат 10:00дө филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы кезектеги жылдык отчетун ийгиликтүү тапшырып, кафедранын ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди. Отчет кафедра башчысы Осмонова К.И. тарабынан заманбап слайддар менен даярдалып, жыйындын катышуучуларына сунушталды.

Иш-чарага маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты жана филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Асылбекова Ч.А., ошондой эле коомдук тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Ы.А. Исабаева катышып, кафедранын ишмердүүлүгүнө баа беришти.

Отчет төмөнкү негизги багыттарды камтыды:

1. Окуу иштери

Кафедрада билим берүү процесси мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, студенттерге сапаттуу билим берүү максатында лекция, практикалык жана семинардык сабактар уюштурулду. Окутуунун заманбап ыкмалары жана интерактивдүү технологиялар активдүү колдонулду.

2. Окуу-усулдук иштер

Окутуучулар тарабынан окуу-усулдук комплекстер жаңыланып, жаңы окуу материалдары иштелип чыкты. Электрондук ресурстарды пайдалануу кеңейтилди.

3. Илимий-изилдөө иштери

Кафедранын окутуучулары илимий макалаларды жарыялап, эл аралык жана республикалык конференцияларга активдүү катышышты. Илимий изилдөөлөр тил илими, лингвистика жана маданияттар аралык байланыш багытында жүргүзүлдү.

4. Коомдук жана тарбиялык иштер

Студенттердин тарбиялык деңгээлин жогорулатуу максатында ар түрдүү маданий, тарбиялык жана социалдык иш-чаралар уюштурулду. Патриоттук, маданий жана руханий баалуулуктарды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

5. Окуу-практикалык иштер

Студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу максатында өндүрүштүк жана педагогикалык практикалар уюштурулуп, алардын кесиптик көндүмдөрү өнүктүрүлдү.

Жыйынтыгында филология институтунун директору кафедра башчысы берген отчетту канааттандырарлык деп баалап, алдыдагы иштерге сунуш-пикирлерин билдиришти.