1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 часа назад

32

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында жаңы ачылып жаткан адистике лицензиялык комиссия келди

  2026-жылдын 9-июнь күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасына жогорку кесиптик билим берүү программасы боюнча 530900 Чыгыш таануу (Чыгыш тилдери жана дипломатия (япон тили)) адистигин ачуу үчүн Ош шаарынан лицензиялык комиссия келди. Комиссиянын курамында Комиссиянын төрагасы: Койлубаева Бурулча Кожоновна – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университети, филология жана маданияттар аралык байланыш институту, Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы.      

Асанахунова Зарина Маматовна – Ош мамлекеттик университети, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби, Аймак таануу (япон тили) программасынын япон тили окутуучусу;

Расулова Бекзаада Расуловна – NEXUS колледжинин япон тили окутуучусу.

 Бул багытты ишке ашыруунун алкагында лицензиялык комиссия келип, окуу-методикалык база, кадрдык камсыздоо жана материалдык-техникалык шарттар менен жеринде таанышып кетти.

Аталган адистик төмөнкү максаттарды көздөйт:

студенттерге япон тилин жана маданиятын тереңдетип үйрөтүү;

эл аралык байланыштарды кеңейтүү;

котормочу, мугалим жана эл аралык адистерди даярдоо;

академиялык мобилдүүлүктү жана чет өлкөлүк өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүү.