1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

17

Дипломдук квалификациялык иштерди алдын ала коргоо

ЛАк-1-22 тайпасында дипломдук квалификациялык иштерди алдын ала коргоо болуп өттү. Иш-чара филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Асылбекова Ч.А., маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова К.И. жана кафедранын профессору М.И Мирзахидованын куттуктоо сөздөрү менен ачылды.

Алдын ала коргоонун жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн дипломдук иштеринин негизги жыйынтыктарын презентация түрүндө сунушташты. Катышуучулар тарабынан ар бир иш талкууланып, тиешелүү суроолор берилип, мазмуну боюнча сунуштар жана сын-пикирлер айтылды.

Иш-чара студенттердин илимий изилдөө иштерин жогорку деңгээлде аткарууга багыт берип, мамлекеттик аттестациялык коргоого даярдыгын жакшыртуу.