1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

1304

ЖАМУнун делегациясы Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун 60 жылдык мааракесине катышты

 Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун ректорунун чакыруусу менен 2026-жылдын 2–3-июнь күндөрү аталган окуу жайдын 60 жылдык мааракесине арналган «Til va uning xalqaro miqyosdagi mavqeyining yuksalishi: fan, ilmiy faoliyat va oliy ta'limda xalqaro hamkorlik masalalari» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга ардактуу конок катары катышты.

 Конференциянын ачылыш аземинде ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Муяссар Мирзахидова университеттин ректорунун жана жалпы жамаатынын атынан институттун эмгек жамаатын юбилейлик мааракеси менен куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди, ири жетишкендиктерди жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы ийгиликтерди каалады.

Мааракелик иш-чаранын алкагында Өзбекстандын эл жазуучусу Одил Якубовдун белгилүү «Улугбек хазинаси» романынын англис тилиндеги котормосунун бет ачары болуп өттү. Китеп институттун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Д. Рустамов жана изденүүчү А. Рузиев тарабынан которулган. Бет ачар учурунда чыгарманын көркөм жана тарыхый баалуулугу, котормо ишинин өзгөчөлүктөрү жана бул эмгектин улуттук адабиятты дүйнөлүк коомчулукка таанытуудагы мааниси тууралуу кеңири пикирлер айтылды.

 Конференциянын жүрүшүндө институттун илимий потенциалын жана изилдөө иштеринин жыйынтыктарын чагылдырган үч илимий журналдын презентациясы да өткөрүлдү. Ага катышкан окумуштуулар басылмалардын илимди өнүктүрүүдөгү ордун, эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин жана жаш изилдөөчүлөр үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү жогору баалашты.