1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

Эл аралык жолугушуу Миссури университетинин өкүлдөрү менен кызматташтык бекемделүүдө

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында АКШнын Миссури университетинин профессорлору жана студенттери менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун негизги максаты – билим берүү жана илимий изилдөө багытындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданияттар аралык байланыш жаатында тажрыйба алмашуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

тил үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары;

академиялык мобилдүүлүк программалары;

студенттер үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөр кеңири талкууланды.

Студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, чет өлкөлүк кесиптештери менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Жолугушуу достук жана иштиктүү атмосферада өтүп, келечектеги биргелешкен долбоорлорго негиз түздү.

Мындай иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграциялануусуна өбөлгө түзөт.