1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

26

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаралуу тарыхы боюнча дискуссия сабак

Филология институнун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында ЛАк-1-22 тайпасынын студенттери тарабынан куратордук саат алкагында дискуссиялык сабак өткөрүлдү. Бул дискуссиялык сабака кафедранын башчысы К.И. Осмонова жана кафедранын окутуучулары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер ШКУнун түзүлүү тарыхы, анын өнүгүү этаптары жана бүгүнкү күндөгү эл аралык мамилелер системасындагы орду тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле уюмдун негизги максаттары, милдеттери жана Борбор Азия региону үчүн мааниси талкууланды.

Дискуссия интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өз ойлорун эркин билдирип, талкууга активдүү катышышты. Иш-чара студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана эл аралык мамилелерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.