1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

23

Өндүрүштүк котормо практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында ЛАк-1-23 тайпасынын студенттеринин өндүрүштүк котормо практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, аткарган котормо иштеринин өзгөчөлүктөрү жана кездешкен кыйынчылыктар тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле, практиканын жүрүшүндө өздөштүрүлгөн кесиптик көндүмдөр, тилдик компетенциялар жана маданияттар аралык байланыштагы маанилүү аспекттер талкууланды.

Иш-чарага кафедранын окутуучулары катышып, студенттердин ишине баа берип, сунуш-пикирлерин айтышты. Конференция жыйынтыгында студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана котормо ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча маанилүү сунуштар берилди.