1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

96

Диссертациялык изилдөөлөрдө жаңы талаптар жана критерийлери

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында профессор, филология илимдеринин доктору Дарбанов Б.Э. тарабынан Жогорку аттестациялык комиссиянын (ЖАК) жаңы жобосу боюнча илимий семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты – илимий даражаларды ыйгаруу системасындагы акыркы өзгөрүүлөр менен окутуучуларды, изденүүчүлөрдү жана магистранттарды тааныштыруу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Дарбанов Б.Э. диссертациялык иштерге коюлган жаңы талаптар, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери, ошондой эле илимий публикациялардын мазмуну жана деңгээли боюнча жаңыланган критерийлер тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, семинарда илимий иштерди даярдоодо кездешкен негизги кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык кеңештерди алышты.

Аталган иш-чара илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга, илимий ишмердүүлүктүн сапатын арттырууга өбөлгө түздү.