1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

35

9-Май — Жеңиш күнүнө арналган ачык сабак

Филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында ЛАк-1-24 тайпасынын студенттери жана куратору Исраилов З.А. тарабынан 9-Май — Жеңиш күнүнө арналган тарбиялык ачык сабак уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандыруу, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин маанисин терең түшүндүрүү жана мекенчилдик сезимин күчөтүү болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына байланыштуу баяндамаларды жасап, презентациялар аркылуу маанилүү маалыматтарды сунушташты. Ошондой эле согуш мезгилиндеги каармандардын эрдиктери, элдин кайраттуулугу жана тынчтыктын баалуулугу тууралуу мазмундуу ойлор айтылды. Көркөм окуулар, диалогдор жана интерактивдүү тапшырмалар сабакты жандуу жана кызыктуу кылды.

Катышуучулар активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, талкууларга аралашышты. Мындай формат студенттердин коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана командалык иш алып барууга өбөлгө түздү.

Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, келген коноктор жана окутуучулар тарабынан жогору бааланды.