1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

307

АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН  ЭКСПЕРТИ ЛИНГВИСТИКА БАГЫТЫНЫН ПРАКТИКА БАЗАЛАРЫНДА

Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын "Билим стандарт" көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин эксперти филология илимдеринин кандидаты Тургунбаева Б.Ж. практика жана материалдык техникалык базасын визуалдык кароого барды. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Жолдошбаева Ы.К., профессор Дарбанов Б.Е. аккредитациялык комиссиянын экспертин практика базалары менен тааныштырышты.

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын практикалык базалары Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматында, “Нур” котормо борборунда жайгашкан. Окуу процессинин графигине ылайык аталган базаларда 3-курстун студенттери окуу-котормо практикасын өтөп жаткан учур. Кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучусу Осмонова К.И. Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматында “Котормочулук кесип жана анын кыйынчылыктары” деген актуалдуу темада практиканттарга арналган семинар   өттү.