Кургак учуктун алдын алуу: сергек жашоонун жана гигиенанын ролу

Бүгүн, 19-мартта Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында студенттерге кургак учук жөнүндө маалымат берүү боюнча маанилүү иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты студенттердин кургак учук, анын себептери, диагноз коюу ыкмалары, дарылоо жана алдын алуу чаралары тууралуу маалыматын жогорулатуу болду.
Иш-чара декандын тарбия иштери боюнча орун басары, 1-курстун куратору Эргешова Рахима Абдувалиевнанын кириш сөзү менен башталды. Ошондой эле Эргешова Р. А. кургак учукту алдын алуу жана көзөмөлдөө жаатындагы актуалдуу маселелер менен тааныштырды. Баяндаманы 4-курстун куратору Аттокурова М.М. кургак учук менен ооругандарга карата стигма жана басмырлоо түшүнүктөрүн баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүдөй негизги пункттар аныкталды: илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн эрте диагноз коюунун жана өз убагында дарылоонун маанилүүлүгү, эмдөө жана сергек жашоо образын сактоо сыяктуу профилактикалык чаралардын мааниси, кургак учук жана анын кесепеттери жөнүндө коомчулуктун маалыматын жогорулатуу зарылдыгы.