1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

«Ачык эшиктер күнү»

Филология институнун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында «Ачык эшиктер күнү» ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чарага Манас шаарынын орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — келечектеги абитуриенттерге кафедранын ишмердүүлүгү, билим берүү программалары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Ачык эшиктер күнүнүн жүрүшүндө коноктор кафедранын окутуучулары менен жолугушуп, адистиктер боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган презентациялар, интерактивдүү оюндар жана тил үйрөнүүгө байланышкан кызыктуу тапшырмалар көрсөтүлдү. Катышуучулар чет тилдерин үйрөнүүнүн мааниси, заманбап лингвистиканын мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык байланыштар тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушуулар жаштарды туура кесип тандоого багыттап, алардын келечегине туура багыт берет.