1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Филология институтунда ачык сабак өткөрүлдү

24-апрелинде филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан “ How are children and adults different?” аттуу темада ачык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабакты окутуучу Женалиева Замира алып барып, ЛАк-2-25 тобунун студенттери активдүү катышышты. Сабак интерактивдүү форматта уюштурулуп, студенттер топтордо иштеп, талкууларга катышып, ар кандай коммуникативдик тапшырмаларды аткарышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер балдар менен чоңдордун психологиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрүн салыштырып, өз ойлорун англис тилинде эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Сабак студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана критикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга багытталды.