1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Профориентациялык иш-чара Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун \маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучулары Акбуюков М.М. жана Женалиева З.А. профориентациялык иш-чаранын алкагында Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы бир катар жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып келишти.

Иш-чаранын негизги максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоонун мааниси жана Филология институтундагы билим берүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Окутуучулар окуучуларга Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ишмердүүлүгү, окуу процесси, ошондой эле студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистик тандоо боюнча пайдалуу кеңештерди алышты. Мындай профориентациялык иш-чаралар жаштарга туура багыт берүүдө жана келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоосуна чоң өбөлгө түзөт.