1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

Эл аралык конференцияга катышуу

2026-жылдын 21-апрелинде «Филология, билим берүү жана туруктуу келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференцияны Ош мамлекеттик университети жана Ала-Тоо эл аралык университети биргелешип уюштурушту.

Аталган иш-чарага филология институтунун окутуучулары активдүү катышып келишти. Алар: филология институтунун директору А. С. Асылбекова, маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы К. И. Осмонова, окутуучу З. А. Исраилов, ошондой эле аталган кафедранын студенттери Жаанбаева Акманай, Алибаев Таалайбек, Маматкадырова Оксана.

Конференциянын негизги максаты – филология жана билим берүү тармагындагы заманбап тенденцияларды талкуулоо, туруктуу өнүгүү контекстинде актуалдуу илимий маселелерди кароо, ошондой эле окумуштуулар менен жаш изилдөөчүлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууну жана эл аралык кызматташууну чыңдоо болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар филологиянын актуалдуу багыттары, билим берүү системасындагы жаңылануулар, санариптик технологияларды колдонуу, маданияттар аралык коммуникация жана инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча баяндамаларды угуп, талкууларга активдүү катышышты.

Конференция катышуучуларга жаңы илимий идеяларды алууга, тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү.